Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Күн мурун Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында Жалал-Абад шаарынын мэринин жаңы жылдык балаты майрамы өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, балаты майрамына майыптыгы бар, аз камсыз болгон, ата-энесинен жана камкорчуларынан ажыраган, окууда ийгилик жараткан 300дөй бала катышты. Аларды шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, белектерди тапшырды.
Ошондой эле балатыга келген балдарга Барпы театрынын кызматкерлери тарабынан даярдалган жомок, ыр-бийлер тартууланды.
Пикир
Оставить комментарий