• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Жалал-Абад шаарында мугалимдер арасында кароо-сынак уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 25.11.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында “Бир жетекчи, бир ырчы, эл тараза, эл сынчы” аталышындагы кароо-сынак болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, сынак калаадагы билим берүү мекемелеринде иштеген мугалимдер арасында өтүп, Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына жана мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына карата уюштурулган.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык кеңештин депутаты Нуржамал Сыргабаева баштаган калыстар тобу, ошондой эле калаадагы мугалимдер, өнөр ээлери катышты.

Сынакта мугалимдер жандуу ыр, макал-лакап, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткаруу сыяктуу шарттары менен таймашты.

Аталган иш-чара Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан “Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы” аталышында калаада жарыяланган 3 айлыктын алкагында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий