Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында таштанды салуучу контейнерлер дезинфекцияланып жатат.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, дезинфекциялоо иштери ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу, эпидемияга каршы күрөшүү максатында "Жалал-Абад Тазалык" мекемеси менен санэпидборбор тарабынан жүргүзүлүүдө.
Адистердин белгилөөсүндө жай мезгилинде тамак-аш калдыктары бир нече саатта сапатын жоготуп, ар кандай инфекциялык ооруларга алып келиши мүмкүн. Мындан улам алдыда таштанды салынуучу контейнерлерди бат-баттан дезинфекциялап туруу колго алынат.
Пикир
Оставить комментарий