• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жалал-Абад шаарында өткөн ишембиликте 140 куб таштанды чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 29.08.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында өткөн массалык ишембиликте 140 куб таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишембиликке Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, мэрдин биринчи орун басары Нурбек Сатаров, мэрдин орун басары Элдос Таев баштаган калаадагы баардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, билим берүү жана медицина кызматкерлери, шаар тургундары катышты.

Ишембиликтин алкагында шаардагы эс алуу бактары, жол жээктери, арыктар жана мекеме-ишканалардын айланасы тазаланды.

Жыйынтыгында шаар аймагынан жалпы 140 метр куб таштанды чыгарылды.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында 27-августта массалык ишембилик өткөн.

Пикир

Оставить комментарий