Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы борбордук базардын айланасындагы тротуарлар чачкынды соода жайларынан тазаланды.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, соодагерлерге адистер тарабынан жөө адамдарга тоскоолдук жаратпоо максатында базардын ичинде гана соода-сатык жүргүзүү керектиги эскертилип, товарлары тротуардан алынды.
Белгилей кетсек, Керек-жарак рыногу жана кызмат кызмат көрсөтүү департаменти тарабынан буга чейин соодагерлерге бир канча жолу эскертүү берилген.
Иштер күн сайын улантылат.
Пикир
Оставить комментарий