• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кара-Кулжа районунда алгачкы жолу чакан ГЭС ишке берилди

Аймак 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын Буйга айылындагы Ак-Күнгөй суусуна “Ыдырыс уулу Рыскул” атындагы “Буйга-1” чакан ГЭСи курулуп, ишке берилди.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, кубаттуулугу 400 кВТ саатты түзгөн ГЭС "Энерджи Буйга” ЖЧКсы тарабынан курулган.

“Буйга-1” чакан ГЭСинин курулуш иштери жеке ишкер Рамис Ыдырысов тарабынан 2021-жылы башталган. Учурда Кара-Кулжа районунун Чалма, Капчыгай айылдарын электр энергиясы менен камсыздоодо. Мындан сырткары, жакынкы мезгилдерде “Буйга-2” чакан ГЭСинин курулушун долбоорлоо иш аракеттерин пландоодо.

ГЭСтин ачылышына президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев катышып, өлкөбүздө чакан ГЭСтерди куруу кызуу жүрүп жаткандыгын билдирип, энергетикалык кубаттуулукту жогорулатуу, электр энергиясына болгон муктаждыктарды чечүү жана эң негизги чоң потенциалдарыбыздын бири болгон сууну туура пайдаланууга өбөлгө түзүү учурдун маанилүү маселеси экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий