• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абад шаарында “Укук-тартип” рейди жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 15.11.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 14-ноябрдан тарта “Укук-тартип” рейди жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты - шаар аймагында коомдук тартипти сактоо, жарандардын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштардын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоо, көчөдө жана коомдук жайлардагы кылмыштардын алдын алуу, оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу, укук бузууларга каршы күрөшүү болуп саналат.

Иш-чара 30-ноябрда жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий