• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда ички иштер органдарынын жаңы кызматкерлери ант беришти

Аймак 0

Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-мартта Жалал-Абадда ички иштер органдарына кызмат өтөөгө жаңыдан кабыл алынган кызматкерлер ант беришти. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Жалал-Абад облустук милициясынын кайгуул күзөт кызматына жаңыдан кабыл алынган кызматкерлердин салтанаттуу ант берүү аземи өткөрүлдү. Кызматкерлер күжүрмөн туу жана өздүк курам алдында жүктөлгөн милдеттерди так аткара тургандыктарын айтышып, ант беришти.

Мындан сырткары, ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын эки кызматкери ардактуу эс алууга узатылды.

Ардактуу эс алууга узатылган ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад облусу боюнча атайын операциялар отрядынын командири Ашым Жусубалиев жалпы 43 жылдан ашуун кызмат өтөгөн. Ал эми ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын камсыздоосунун кенже инспектору Алмаз Жунусов жалпы 23 жылдан ашуун убакыт ички иштер органдарында кызмат өтөгөн.

Салтанаттуу иш-чара саптык жүрүш менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий