• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Лондондогу туристтик көргөзмөдө Кыргызстан беш меморандумга кол койду

Коом 0

Бишкек, 15.11.22. /Кабар/. Лондондогу эң ири туристтик World Travel Market көргөзмөсүндө Кыргызстан үч өлкөнүн компаниялары менен кызматташуу боюнча беш меморандумга кол койду. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ошондой эле иш-чарада республиканын жаратылышынын кооз жерлерин чагылдырган сүрөттөрдүн кайрымдуулук аукциону өткөрүлдү.

"Көргөзмөдө Кыргызстандын улуттук павильону эң кызыктуулардын бири деп табылды. Иш-чарага Кыргызстандагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду, беш туроператор, мейманканалардын биринин жана “Манас” эл аралык аэропортунун өкүлдөрү катышты. Анда кыргыздын көчмөн маданияты, улуттук кийимдери көрсөтүлүп, Улуу Британиядагы кыргыз диаспорасынын кыздары кыргыз бийин тартуулашты", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле көргөзмөнүн алкагында туроператорлор, саякат блогерлери, туристтик бизнесте иштеген компаниялар менен 250дөн ашык жолугушуулар өттү.

Ушул күндөрү КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду туристтик иш-чара-шоу уюштурду. Аны Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Жусупов, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун башкаруучу директору Кайрат Итибаев ачышты.

Белгиленгендей, Улуу Британия Кыргызстан үчүн максаттуу рыноктордун бири болуп саналат. Британиянын туризм секторунун өкүлдөрү презентация жана видеороликтер аркылуу Кыргыз Республикасы менен таанышууга гана эмес, ошондой эле кыргыз меймандостугун сезүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Улуттук тамак-аштар - палоо, боорсок, самса, кыргыздын салттуу бийлери, ошондой эле кыргыз сүрөтчүнүн Кыргыз Республикасынын кереметтүү көрүнүштөрү менен пейзажын сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Аукцион кайрымдуулук иретинде өттү, түшкөн акчанын жарымы КРдагы аутизм менен ооруган балдарга жардам берүү үчүн жумшалат.

Пикир

Оставить комментарий