• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Жалал-Абад шаарында жаңы гүлбакча пайда болот

Аймак 0


Бишкек, 08.08.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Нагима Айтматова жана Түмөнбай Байзаков проспектисинин кесилишиндеги "Бакыт телеграф" соода жайы буздурулууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, анын ордуна гүлбакча пайда болот. Гүлбакчаны курууга каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилет.

Белгилей кетсек, Буга чейин "Бакыт телеграф" соода жайынын айланасындагы соода күркөлөрү, тез татым жайлары да буздурулган.

Пикир

Оставить комментарий