Бишкек, 28.09.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Айтмырзаев көчөсүнүн жабык турган бөлүгү ачылып, асфальт төшөлдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көчөнүн бак-дарак менен тосулуп турган 80 метр бөлүгү тазаланып, мэриянын жол башкармалыгы тарабынан 6 метр кеңдикте асфальт төшөлдү.
Алдыда Айтмырзаев көчөсүнүн жаңы ачылган бөлүгүнө тротуар курулуп, темир-бетон арык куурлары жаткырылат.
Пикир
Оставить комментарий