Жалал-Абадда 900 млн сомго үч объект курууга тендер жарыяланды

Аймак 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Жалал-Абад облустук администрациясынын, Жалал-Абад шаардык мэриясынын имараттарын жана борбордук аянтты курууга тендер жарыяланды.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, тендер Капиталдык курулуш департаменти тарабынан жарыяланган.

Курулуштардын сметалык баасы 900 млн сомду түзөт. Конкурстук табыштамаларды 24-июнга чейин берүү зарыл.

Курулуш иштерин бүтүрүүнүн акыркы мөөнөтү 2025-жылдын 31-июлуна чейин.

Пикир

Оставить комментарий