• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Чаткал районунда кар көчкү түшкөн

Аймак 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда көлөмү 8000 куб метр кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 23-февраль күнү саат 16:50 чамасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 86-88-чакырым аралыктарында (Рават тилкеси) 8000 куб метр кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган.

Жабыркагандар жок. Ошол эле күнү саат 20:40та унаа жол бир тараптуу ачылган. Бүгүн, 24-февраль күнү саат 07:30да кеңейтүү иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий