• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Жалал-Абадда балдар кылмыштуулугуна каршы аракет күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарында укук коргоо органдарынын Координациялык кеңешинин кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеге шаар мэри Мураталы Тагаев төрагалык кылды. Анда калаадагы жашы жете элек балдардын ден соолугу, билим алуу укуктарын колдоо, алардын катышуусундагы ар түрдүү кылмыштуулуктарды азайтуу жана профилактикалык иштерди күчөтүү маселеси каралды.

2019-жылы Жалал-Абад шаарында жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда 49 кылмыш иши катталган. Алардын басымдуу бөлүгү уурулук жасагандар. Бул жагдайлардын келип чыгуу себептери жетиштүү деңгээлдеги көзөмөлдүн жоктугу, тышкы жана ички миграциянын таасири болуп жаткандыгы айтылды. Мында мектеп окуучулары тарабынан үй-бүлөдөгү балдар кабылган маселелер боюнча сахналаштырылган көрүнүштөр коюлду.

Өз сөзүндө кала башчысы Мураталы Тагаев, өлкөдө жарыяланган 2020-жыл - “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын” алкагында балдардын дараметин өнүктүрүүдө алардын бош убактыларын туура пайдалануучу үчүн бир катар ийримдерди жандантууну колго алуу керектигин айтты. Пландалып жаткан аракеттердин баары тышкары, балдар кабылган кылмыштуулук жана зордук-зомбулуктардын алдын алуу аракети экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий