• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Жалал-Абадда былтыр милициянын көчмө кабылдама унаалары 827 жолу кыдырууга чыккан

Аймак 0


Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда милициянын 11 көчмө кабылдама унаасы иш жүргүзөт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаалар Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларында, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Токтогул, Аксы, Ала-Бука, Чаткал жана Тогуз-Торо райондорунда иш алып барат.

Милициядан белгилешкендей, 2022-жылдын ичинде көчмө кабылдама унаалар жалпы 827 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 1183 жаранды кабыл алган. Жарандардан жалпы 1108 ар түрдүү мазмундагы арыз жана кайрылуулар келип түшүп, 798 кайрылуу боюнча жеринде юридикалык кеӊештер берилип, чечилген. 38 факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, 195 укук бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулган.

Пикир

Оставить комментарий