Бишкек, 12.01.25. /Кабар/. Жалал-Абадда дайынсыз болгон жаранды издөө иштери уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, бүгүн таң эрте Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Сүттү-Булак жайлоосунда жоголгон адамды издөө иштерине 52 адам, 3 дрон тартылды. Ошондой эле куткаруучулар керектүү шаймандар менен камсыз болушкан.
Учурда издөө иштери Таш-Көмүр шаарынын аймагында жүрүп, министр Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрынан бери Таш-Көмүр шаарынын 46 жаштагы М.Д. аттуу тургуну Сүттү-Булак жайлоосуна мал айдап кеткен бойдон дайынсыз болууда. Издөө иштери 17-декабрдан бери жүрүп жатат.
Пикир
Оставить комментарий