• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Жалал-Абадда дайынсыз болгон жаранды издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 16.01.25. /Кабар/. Жалал-Абадда дайынсыз болгон жаранды издөө иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, издөө иштерине бүгүн ИИМден 3 кызматкер, ӨКМден 18 куткаруучу, туугандарынан 3 адам, жалпы 24 адам жана 1 дрон тартылды.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарынын 47 жаштагы М.Д. аттуу тургуну Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Пикир

Оставить комментарий