• 87
  • 89.68
  • 0.84

Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан жаранды издөөгө 54 адам тартылды

Аймак 0

Бишкек, 10.01.25. /Кабар/. Жалал-Абадда жоголгон тургунду издөө иши уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, бүгүн таң эрте Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Сүттү-Булак жайлоосунда жоголгон адамды издөө иштерине 54 адам тартылды. Издөө иштери учурунда 4 дрон колдонулууда. Ошондой эле куткаруучулар керектүү шаймандар менен камсыз болушкан.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрынан бери Таш-Көмүр шаарынын 46 жаштагы М.Д. аттуу тургуну Сүттү-Булак жайлоосуна мал айдап кеткен бойдон дайынсыз болууда. Издөө иштери 17-декабрдан бери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий