Жалал-Абадда дайынсыз жоголгон 34 жаштагы Абдырахман изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Достук көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин 34 жаштагы Абдырахман Турсунбаев аттуу тургуну жогорудагы даректен 1-августта эч бир себепсиз чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, учурда АбдырахманТурсунбаевдин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 170-175 см, өңү ак жүздүү, кашы, көзү, чачы кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Үстүндө кара түстөгү футболка, кара түстөгү шым, кара түстөгү бут кийим болгон.

“Дайынсыз болуп жаткан Абдырахман Турсунбаев тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюңуздар: “102”, (03722) 5 28 31, 7 03 44, 0224 95 15 15”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий