• 87
  • 91.29
  • 0.84

Жалал-Абадда ИИМдин Коомдук кеңешинин көчмө жыйыны өттү

Аймак 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Бүгүн ,11-декабрда Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында ИИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов баштаган Коомдук кеңештин мүчөлөрү, Жалал-Абад ОИИБдин бөлүм жана ШРИИБи жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, жана жарандык активисттер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө коомдук алдын алуу борборлорунун учурдагы абалы, алардын ишмердүүлүгү жана аткарган жумуштарынын натыйжалары, КААБнын эффектүүлүгү, кылмыштуулукка бөгөт коюу чаралары, милициянын жумушундагы ар түрдүү жагдайлары, кемчилиги жана ийгилиги менен кошо көйгөйлөрү да талкууланды. Профилактикалык жумуштарды аткарууда ички иштер органдарынын кызматкерлери гана эмес мыйзам негизинде башка жергиликтүү мекеме, ишканалар да көмөктөшүү керектиги белгиленди. Тиешелүү бардык органдар биргеликте аракеттенген учурда кылмыш, кырсыктардын санын азайтууга мүмкүнчүлүк жаралаары айтылды. Жыйындын катышуучулары тарабынан бул багытта ой-пикирлер сунушталып, коомдук кеңештин протоколуна киргизилди.

ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов өз сөзүндө коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулук менен күрөшүү бир гана милициянын иши эместигин белгилеп, башка органдарды да жардам берүүгө чакырды. Андан сырткары Коомдук кеңешменин учурдагы ишмердүүлүгү жана аткарган иштери боюнча кеңири токтолуп өттү. Милициянын жумушу татаал жана жоопкерчиликтүү экендигин айтып, бир топ көйгөйлүү маселелер бардыгын жана аны чечүү жолдорун таап тиешелүү жерлерге сунуш кыла тургандыгын айтып, алдыда ийгиликтер болорун баса белгилеп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Сузак районунда резонанс жараткан кылмыштардын саны өскөндүгү айтылып, аталган райондо элдин санынын көптүгү жана бир милиция кызматкерине тейлеген аймагында он миңге чейин жаран туура келип жаткандыгы менен түшүндүрүлдү. Жалал-Абад шаарынын аймагына күнүнө 20 миңге чукул автоунаа кирип-чыгаары жана облустун район-шаарларынан келип-кетүүчүлөрдүн саны көп болгондугуна байланыштуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу, жол кырсыктарына бөгөт коюу багытанда видеокамераларды, «Коопсуз шаар» долбоорун тездетип, орнотуу сунушу айтылды.

Ошондой эле катышуучулар тарабынан бир топ суроо-жооптор болуп, жаралган маселенин чечүү жолдору талкууга алынды.

Жыйындын соңунда алдыда аткарылуучу иш-чараларды камтыган резолюция кабыл алынып, сунуштар тиешелүү тараптарга жеткириле тургандыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий