• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткен облусунда соцобъектилерди куруу жана капиталдык оңдоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Баткен жана Лейлек райондорунун айылдарындагы 28-29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган социалдык объектилерди куруу жана капиталдын оңдоодон өткөрүү иштери бекитилген календардык графикке ылайык жүрүүдө. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында КР министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) директорунун орун басары Бердимурат Жалилов билдирди.

Анын айтымында, учурда 8 социалдык объектини (5 мектеп, 2 бала бакча жана 1 ФАП) куруу жана капиталдык оңдоо иштри жүрүдө.

«8 объектинин ичинен бешөөсү капиталдык курулуш объектиси, үчөөсү капиталдык оңдоого жатат. Бул иштерге республикалык бюджеттен 250 млн сом каралган, учурда 150,5 млн сом каржыланды»,-деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата куруу-калыбына келтируу жумуштары боюнча төмөнкү иштер аткарылды:

- Ак-Сай айылындагы Ходжаев атындагы мектептин капиталдык ондоп-түзөө жумуштары аягына чыкты, тегериндеги тосмонун дубалдары бүткөрүлүүдө;

- Ак-Сай айылындагы ФАПтын капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары бүткөрүлдү, объектти пайдаланууга тапшыруу боюнча аракеттер көрүлүп жатат;

- Кызыл-Бел айылындагы 225 окуучуга ылайыкталган мектептин окуу корпусунун дубалдары тургузулуп бүткөрүлүүдө, терезелери коюлуп жатат, шыбак жумуштары башталды, спорттук залдын пайдубалы орнотулуп, дубалдары тургузулууда;

- Максат айылындагы мектептин негизги капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары боюнча бардык жумуштар аягына чыкты, мектептин тегерегинин көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө;

- Борбордук айылындагы 225 окуучу орундуу мектептин курулушу боюнча окуу корпусунун, спорттук залдын жана сүрөт галереясынын дубалдары тургузулуп, спортгук залдын темир фермалары жасалып жатат;

6. Маргун айылындагы 225 окуучу орундуу мектептин курулушу боюнча — окуу корпусунун 2- кабатынын дубалы тургузулуп баштады. Откананын дубалдары тургузулууда;

- Кулунду айылындаты 140 орундуу бала бакчанын дубалдары тургузулуп бүттү, электрмонтаждоо жумуштары, 1-кабатынын полдорун цементтөө жумуштары бүткөрүлүүдө. Имараттын ичине тепкичтери (лестничный марш) орнотулуп жатат;

- Интернационал айылындагы 100 орундуу бала бакчанын 1-кабатынын дубалдары тургузулуп, темир-бетон жабуу плиталары орнотулуп башталды. Балдар үчүн бастырма курууга пайдубал тургузулду.

«Белгилей кетсек, курулуш иштерин өз убагында аткаруу керектигин эске алуу менен объекттерде сапаттуу көзөмөл жүргүзүлүп, куруу-калыбына келтирүү жумуштары 2 нөөмөт боюнча аткарылып жатат, объекттерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүү үчүн субподряддык уюмдар тартылууда»,-деди директордун орун басары.

Пикир

Оставить комментарий