• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Жалал-Абадда изделип жаткан 3 жашар баланын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 29.09.24. /Кабар/. Жалал-Абадда изделип жаткан 3 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы изделип жаткан наристенин сөөгү бүгүн жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, туугандарына шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Такьап айтканда, Жалал-Абад шаары боюнча ӨКБнүн 11 куткаруучусу прапорщик Б.Абдыкадыровдун жетекчилигинде издешкен.

Ошондой эле 80 адам жергиликтүү тургундадан, 40 милиция кызматкерлери тартылган.

Белгилей кетсек, Б.Т. аттуу 3 жашар наристе 26-сентябрда жоголгону тууралуу маалымат түшүп, изделип жаткан.

Пикир

Оставить комментарий