Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында 15-декабрда саат 07:58де очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.
Жер титирөө Тогуз-Торо районунун Кара-Суу жана Табылгыты айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий