• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Баткенде сел жүрүп, турак үйлөрдүн короосун суу каптады

Кырсык 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Баткенде сел жүрүп, турак үйлөрдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 30-май күнү саат 19:30 чамасында Баткен облусунун Баткен районунда кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Дара айыл аймагынын Табылгы айылында сел өтүүчү сай менен сел жүрүп, сайдын ичиндеги ички чарбалык унаа жолдун 200 метр аралыгын бузуп, сайдан ашкан суу 4 турак үйдүн короосун каптаган.

Бүгүн, 31-май күнү аймактык Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий