• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

11 айда өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 44 адам каза болду — Ажикеев

Кырсык 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. 2023-жылдын 11 айында республиканын аймагында 33 (2022-жылы 58) өзгөчө кырдаал катталды. Бул тууралуу 2023-жылдын 11 айынынын жыйынтыгы боюнча "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, алардын кесепетинен 44 (2022-жылы 342) адам каза болду, келтирилген материалдык чыгымдын жалпы суммасы 293 млн 628,5 миң сомду түзгөн. Ал эми былтыр ушул мезгилде өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 342 адам каза болсо, келтирилген чыгым 4 млрд 599 млн 526,7 миң сомду түзгөн.

"Салыштырмалуу быйыл өзгөчө кырдаалдар былтыркы жылга салыштырмалуу 44,4% пайызга азайды", - деди ал.

Ажикеев кошумчалагандай, жалпысынан республика боюнча жалпы ар кандай өзгөчө кырдаалдардан 165 адамдын өмүрү куткарылып, куткаруучулар тарабынан жалпысынан 918 адамга жардамга көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий