• 87
  • 90.59
  • 0.86

Жалал-Абадда куткаруучулардын күжүрмөн даярдыгы текшерилди

Аймак 0


Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. 25-26-ноябрда ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район-шаардык түзүмдүк бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгы текшерилди.

ӨКМдин маалыматына ылайык, министрликтен түзүлгөн комиссия куткаруучулардын күжүрмөн даярдыгын, билим деңгээлин, аскердик тартибин, жалпы уставдагы талаптардын аткарышын, ыкчам жана мобилизациялык даярдыктарын текшерди.

Белгилей кетсек, аттестациялоонун тартибине ылайык, аттестацияны мыкты тапшырган аскер кызматкерлери кадрлар резервине киргизилет.

Ал эми, кызматтан көтөрүлүү, сыйлоо сыяктуу артыкчылык укугун кадрлар резервинде турган офицерлер колдонот.

Пикир

Оставить комментарий