• 87
  • 90.43
  • 0.88

Жалал-Абадда Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракеси белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине жана кесиптик майрамына арналган салтанаттуу гарнизондук парад өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, милиция кызматкерлери, тармактын ардагерлери, укук коргоо органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Облус башчысынын биринчи орун басары, милиция кызматкерлерин куттуктап, бир кылымдык тарыхы бар Кыргыз милициясынын коомдогу орду, мамлекеттин өнүгүүсүнө кошкон салымы, элдин коопсуздугун камсыздоодогу жигердүү эмгеги чоң экенин белгиледи. Ага катар, бир катар кызматкерлерге ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамотасын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий