• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Жалал-Абадда массалык ишембилик өттү

Аймак 0

Бишкек, 14.09.24. /Кабар/. Бүгүн, 14-сентябрда Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишембиликке шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, менчигинин түрүнө карабай шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Ишембиликтин алкагында шаардагы эс алуу парктары, аллеялар, мекемелердин жана турак жайлардын короосу, жол жээктери, тротуар, темир-бетон арыктар тазаланды.

Белгилей кетсек, ишембилик президенттин “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” жарлыгын ишкер ашыруу максатында уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий