• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жалал-Абадда мыйзамсыз алкоголдун ири партиясы сакталган кампа аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан 1,5 млн ашык сомдук 17 миң 777 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салыкчылар рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө алкоголдук продукция мыйзамсыз сакталып жана сатылып жаткан кампаны табышкан.

Субъектте сатылуучу продукцияга карата лицензиясы жана коштомо документтери (шайкештик сертификаты, эсеп-фактуралар, товардык-транспорттук коштомо кагаздар) болгон эмес.

Ишкердик субъекттерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Салык кызматы жарандарды контрафакттык же жасалма тамекини, ошондой эле алкоголдук продукция акциздик маркасы жок же жасалма акциздик маркалар менен, тийиштүү лицензиясыз сатылган фактыларды көргөндө жергиликтүү салык органына, 116 номери же (0779) 61-31-89 (whatsapp) номери боюнча кайрылууга чакырат.

Белгилей кетсек, алкоголдук жана тамеки продукциясын мыйзамсыз өндүрүүнү жана жүгүртүүнү аныктоо иштери тынымсыз жүргүзүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий