• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кара-Сууда эркек киши таанышын сабап, ал боору жарылып кетип каза болгон

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Кара-Суу районунун Сүрөттүү-Таш айылында адам өлтүрүү фактысы катталып, шектүү кармалды, - деп билдиришти агенттикке Ош облустук ички иштер башкрмалыгынын басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, 22-январь күнү саат 11:15те Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө 45 жаштагы тургундун сөөгү өз үйүндө табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиционерлер жаран киши колдуу болгонун аныктаган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жабырлануучу катуу соккудан улам боору жарылып каза тапканы белгилүү болгон.

Изи сууй электе шектүү катары 46 жаштагы А.Б. крмалды.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, маркум менен кылмышка шектүү автоунаанын документи тууралуу чатакташып, мушташа кеткен. Жабырлануучу жыгылып түшкөн учурда шектүү буту менен ич тарапка катуу тээп жиберген. Ал эс-учун жоготкондо жардам көрсөтпөстөн үйүнө кетип калган. Кийин жабырлануучу алган жараатынан улам үйүндө каза болгон”, — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ошондой эле каза болгон адам 2014-жылдан бери жалгыз жашап жүргөндүгү, ал эми шектүү мурда эки ирет соттолгону белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий