• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

УКМК: ИИМ ЖКККББнын башчысынын орун басары кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. КР Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) башчысынын орун басары кармалды, - деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы КР мамлекеттик органдардагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, КР ИИМдин ЖКККББнын жетекчилик тарабынан акча каражаттарын мыйзамсыз алуу боюнча коррупциялык схема аныктады.

2020-жылдын 27-октябрында КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаранын жыйынтыгында КР ИИМ ЖККББ башчысынын орун басары милициянын подполковниги «С.Н.Р.» (ред:, Сатыбалдиев Нур Рысканович) кармалды.

Такталгандай, кармалган адам КР ИИМ Патрулдук милиция бөлүмүнө талапкерлердин жумушка ороноштуруу маселелерин оң тарапка чечип берүүсү жана учурдагы кызматкерлердин жогорулатуу үчүн системалуу түрдө акча каражаттарын алып турган.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси («Пара алуу») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тандоодо коррупциялык көрүнүштөргө катышкан бардык адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө жана ыкчам-издөө иш чараларынын комплекси улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий