• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Жалал-Абадда облустук милициясынын имаратында Кырдаалдык борбор ачылды

Аймак 0

Бишкек, 21.10.24. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын имаратында милиция кызматкерлерине тиешелүү болгон Кырдаалдык борбор ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ачылуу аземине министр Улан Ниязбеков жана орун басары Октябрь Урмамбетов, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов жана чакырылган коноктор катышты.

"Коопсуздукту камсыз кыла турган Кырдаалдык борборду ачып, ишке киргизип жатабыз. Борбордун башкы милдети – коомдук жайларга, көчөлөргө жана эл көп чогулган аймактарга орнотулган видеокамералар аркылуу, элибиздин коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү чыңдоо болуп эсептелет.

Ошону менен бирге калкыбызга жеринде сервистик тейлөө көрсөтүү милдеттерин бекемдөө болуп саналат. Учурда “Коопсуз шаар” долбоорун өлкөбүздүн бардык аймактарына жайылтуу үчүн тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатабыз.

Убакыт өткөн сайын улам бир кылмыштын жаңы түрү пайда болуп, карапайым калктын турмуш-тиричилигине залакасын тийгизип келүүдө. Кылмыштардын баарын алдын алып, элибизди ар түрдүү коркунучтардан сактоо милдеттерин татыктуу ишке ашыруу зарыл. “Кырдаалдык борбор” аркылуу жалпы коопсуздукту бекем сактап, алдыга коюлган тапшырмаларды ийгиликтүү ишке ашыра аласыздар деп ишенем", - деп Улан Ниязбеков сөзүн жыйынтыктады.

Белгилей кетсек, аталган борборго Жалал-Абад облусу боюнча беш жүздөн ашуун видеокамералар туташтырылып, кылмыштуулуктун алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий