• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кызыл-Кыядагы ооруканага 2,2 млн сомдук медициналык жабдуулар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 09.08.23./Кабар/. Кызыл-Кыя Жалпы дарыгердик практика борборунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн директору Канатбек Жигитов жана көз оорулар боюнча координатору Бакытбек Давранов тарабынан 2 млн 120 миң сомдук операциялык микроскоп жана 45 миң сомдук стабилизатор көз оорулар бөлүмүнө белекке берилди.

Бул да болсо бейтаптарга жана кайрылган жарандарга сапаттуу медициналык тейлөө көрсөтүүгө болгон жетекчиликтин менен кызматкерлердин аракети. Буюрса, дагы да оорукананын материалдык техникалык базасын чыңдоо, толуктоо аракети улана бермекчи.

Оорукананын ар тараптан өнүгүүсүнө кошкон салымы жана кызматташтыгы үчүн Кызыл-Кыя Жалпы дарыгерлик практика борборунун эмгек жамааты Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомуна ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий