• 87
  • 89.63
  • 0.85

Жалал-Абадда реабилитациялык борбор капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында майыптыгы бар балдардын реабилитациялык борбору капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, М.Конгантиев атындагы аймактык башкармалыгында жайгашкан борбор бир топ жылдардан бери иштебей турган.

Ачылыш аземине Жалал-Абад шарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа, борбордун эмгек жамааты жана жергиликтүү тургундар катышты.

"Камкордукка муктаж жарандарды коомдук жашоого толук аралаштыруу жана алардын турмуш шартын жакшыртуу биздин эң негизги милдеттерибиздин бири. Андыктан, бул жайда эмгектенген ар бир кызматкер мында келген балдарга жана алардын ата-энелерине аяр мамиле жасап, жогорку кесипкөйлүк менен кызмат көрсөтүшү зарыл. Анткени, өзгөчө муктаждыктары бар жарандар коомдун ажырагыс бөлүгү катары каралат жана ар дайым мамлекеттин көзөмөлүндө болот,"- деп баса белгиледи өз сөзүндө шаар мэри.

Белгилей кетсек, аталган борбор Жалал-Абад шаарынын мэриясынын “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борборунун карамагына өткөрүлгөн. Учурда борбордо ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын массаж, логопеддин жардамын алып, ден соолуктарын чыңдоосуна шарт түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий