• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абадда тарых жана ата-бабалар эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарында 7-8-ноябрь – тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн утурлай иш-чара өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, облустук жана шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери, билим берүү кызматкерлери жана жаштар катышты.

Президентин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыргыз элинин улут болуп сакталып, мамлекет катары түптөлүшүндө ата-бабалардын баа жеткис салымы бар экенин белгиледи.

“Өлкөбүз Үркүн, улуу ата-мекендик согуш жылдары сыяктуу оор трагедиялуу мезгилдерди башынан кечиргени баарыбызга маалым. Эзелтеден эгемендикти аздектеп, мамлекеттүүлүктү туу туткан кыргыз эли кылымдардан кылымга учук улап, сакталып келе жатат. Бул биздин сыймыктана турган улуу тарыхыбыз.

Бүгүн биз мамлекет болуп калыптануу учурунда өлкөнүн эгемендиги, өсүп-өнүгүшү үчүн башын сайып күрөшкөн белгилүү тарыхый инсандар, жалпы ата-бабаларыбызды эскерип турабыз. Биз да аларга татыктуу муун болуп, адеп-ахлакка, терең билимге ээ келечек урпактарды тарбиялоого салым кошолу!”, – деди Сыргабаев.

Пикир

Оставить комментарий