• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Караколдо техникалык регламенттер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек. 03.11.23. /Кабар/. Республиканын экспорттук потенциалын жана атамекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында КР Экономики жана министрлиги тарабынан Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосу менен Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Каракол, Нарында колдонуудагы техникалык регламенттердин талаптарын түшүндүрүү боюнча семинарларды өткөрүү пландаштырылууда.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, ата мекендик продукциянын ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин рынокторуна жана жалпысынан дүйнөлүк рынокторго чыгуусунун маанилүү шарттарынын бири техникалык регламенттердин талаптарын сактоо болуп саналат.

Бүгүн семинар Каракол шаарында өткөрүлүп жатат. Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын, КР ЭК министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун адистери тарабынан тамак-аш коопсуздугу жаатындагы колдонуудагы техникалык регламенттердин негизги жоболору, стандарттар жана продукцияны рынокко чыгаруунун шарттары жөнүндө маалымат берилет.

Буга чейин Талас жана Нарын шаарларында ишкерлер менен жолугушуулар өткөн.

Пикир

Оставить комментарий