• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Байсалов: Бала бакчалардагы тамактанууну уюштуруу маселесин саясатташтырбоого чакырабыз

Өкмөт 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинети бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу маселесин саясатташтырбоого чакырат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Улуттук өнүгүү форуму-2023: "Жакырчылык жана теңсиздик" форумунун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, мамлекет жакынкы жылдары мектепке чейинки билим берүүнү каржылоо көлөмүн бир нече эсеге көбөйтүүнү пландаштырууда. Бала бакчалардын имараттарын куруу үчүн жергиликтүү бийлик органдарына бир топ субсидиялар бөлүнүп, жеке ишкерлерге жеңилдетилген насыялар берилет. Балдар үчүн билим берүү жана өнүктүрүү программалары иштелип чыгып, эрте куракта өнүктүрүү ыкмалары активдүү өздөштүрүлүүдө. Лицензиялоо талабы алынып салынды жана башка жөнгө салуучу ченемдер бир топ жеңилдетилди.

"Учурда Кыргызстанда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу айыл жерин айтпаганда да, шаарларда 35%дан ашпайт. Бала бакчага кирүү абдан кыйын. Адатта, бул мекемелерге социалдык байланыштары күчтүү, көбүнчө камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары кирет. Аялуу катмардагы үй-бүлөнүн балдары мектепке чейинки билим берүү менен камтылбай калат. Анда эмне үчүн бүтүндөй эл бай катмардын балдарынын тамак-ашына каражат төлөшү керек? Бул социалдык адилеттүүлүк маселеси. Балдарды бала бакчага камтуу жок дегенде 75-80% деңгээлинде болсо, совет доорунан калган учурдагы саясатты улантуу маселеси көтөрүлсө болмок.

Бүгүн биз социалдык жактан аялуу жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына даректүү колдоо көрсөтүү тууралуу сөз кылмакчыбыз. Мамлекет аларды бала бакчага орун берүү жана тамак-аш түрүндө кошумча субсидиялар менен колдоосу керек. Мамлекетибиздин чектелүү ресурстарын баарына таркатып берүү мүмкүн эмес. Анда ал эч кимге жетпейт!”, - деди Эдил Байсалов.

Пикир

Оставить комментарий