• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Жалал-Абадда тоо-кен ишканасынан $200 миң талап кылган кылмыштуу топ кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда тоо-кен ишканасынан 200 миң доллар талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын Жалал-Абад облусундагы кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары КР жараны И.Н.А. 10 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап алуу учурунда кармалды.

Кармалган И.Н.А. аттуу жаран Ички иштер органынын мурдагы тергөөчүсү болуп, Чаткал районунун экс-акими Т.А. жана "Азаттыктын" мурдагы журналисти Н.А.К. менен биргеликте узак убакыт бою Чаткал районунун аймагындагы тоо-кен иштерине тартылган чет элдик инвесторлордон 200 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап, бул аймактагы инвесторлордун иштөөсүнө тоскоолдуктарды жаратабыз деп коркутуп келишкен.

Аталган адамдар үстүбүздөгү жылдын июль айында эки транш менен 60 миң доллар алып, калган сумманы опузалап алууну уланта беришкени аныкталган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалоо) менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Тергөө иштери журүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий