• 87
  • 91.29
  • 0.84

Жалал-Абадда "Тынчтык жүгүрүшү-2023" эстафетасы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Жалал-Абадда Эгемендүүлүктү 32 жылдыгына карата Дене тарбия жана спорт департаментинин уюштуруусунда "Тынчтык чуркоо-023" эстафетасы өтүп жатат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын 12 спортчусу катышууда. Бүгүн жөө күлүктөрдү Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтынан президенттин өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гулзат Аширова баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.

Жолугушууда демилгенин максаты эл аралык достукту бекемдөө, элдердин биримдикке жана гармонияга болгон умтулуусун чыңдоого багытталганы белгиленди. Андан кийин спортчулар чуркоо марафонун шаар аралап, Жалал-Абаддын кире бериш аркасын көздөй улантышты.

"Тынчтык жүгүрүшү-2023" эстафетасы Кыргызстандын 4 облусун бириктирет. Ал Нарын шаарынан башталып, Баткен облусунун Раззаков шаарына чейин улантылат. Чуркоонун жалпы узундугу 882 чакырымды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий