• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Жалал-Абадда "Унаа" мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмү ачылды

Аймак 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 9-декабрда Жалал-Абад облусунда Жалал-Абадда "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон секторунун ачылышы болду.

Ведомстводон кабарлашкандай, ачылыш аземге мекеменин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Альберт Кожобергенов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Альберт Кожобергенов өз сөзүндө "Унаа" мамлекеттик мекемесинин директору Улан Карыпбековдун атынан сектордун ачылышы менен куттуктап, бул кадам калкты тейлөө тармагын өнүктүрүүдө жана кеңейтүүдө зор мааниге ээ экенин белгиледи.

«Базар-Коргон сектору биринчи кезекте жергиликтүү калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, унааларды каттоо маселесин чечет, ошондой эле эң жөнөкөй деп эсептелген кызматтардын баарын тез жана жеткиликтүү кылат», - деди ал.

Белгилей кетсек, бул иш президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 8-февралындагы №27 «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий