• 87
  • 90.59
  • 0.86

Жалал-Абадда ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча жобо иштелип чыкты

Аймак 0

Бишкек, 01.05.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында үй-бүлөлүк салтанаттардагы жана маркумду жерге берүүдөгү ысырапкерчиликтерди кыскартуу боюнча жобо иштелип чыкты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жобого ылайык, өлүм болгон үйдө 3 күндөн кийин гана бир баш майда жандык союу бекитилди. Ал эми үй-бүлөлүк салтанаттарды, үйлөнүү-үлпөт тойлорду өткөрүүдө майда жандык союу сунушу Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынын сунушу менен каалаган бир баш мал-жандыкты союуга болот деп өзгөртүлдү. Ошондой эле үйлөнүү тоюнда унаалардын санын 3төн ашырбоо, коноктордун санын ресторандарда 350 адамдан ашырбоо, кыркылык, жылдык сыяктуу маркумду эскерүү иш-чараларын жок кылуу сыяктуу бир топ чектөөлөр кабыл алынды.

Белгилей кетсек, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун “Кыргызстанда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында шаардык мэриянын алдында жумушчу топ түзүлүп, алар ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча президенттин облустагы өкүлчүлүгү тарабынан берилген типтүү нускаманын негизинде жогорудагы жобону иштеп чыккан.

Пикир

Оставить комментарий