• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Ак-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында жаңы мектеп ачылды

Аймак 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында Сеит Кульматов атындагы мектептин ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Билим уясы 320 окуучуга ылайыкташкан. Курулуш иштерине Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан 54 млн сом бөлүнгөн.

Мектептин ачылышына облус башчысы Эмилбек Абдыкадыров катышып, мугалимдерге жана окуучуларга ийгилик каалап, курулушка салым кошкон айрым инсандарга ардак грамота тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий