• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Жалал-Абадда жайыт жерди менчиктештирген "Кадастрдын" кызматкерине кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.11.24. /Кабар/. Жайыт жерди өзүнө менчиктештирип алган “Кадастрдын” жетекчисине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун прокуратурасы текшерүү жүргүзгөндө Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Аксы филиалынын жетекчиси жайыт жерди өзүнүн жеке менчигине алгандыгы аныкталды.

Такталгандай, Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн токтому менен 2 гектар жайыт жер аянты жеке менчикке бекитилип берилген. Т.М. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аксы филиалынын жетекчиси болуп туруп кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, 2022-жылы аталган жер аянтты мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттоого алып, өзүнүн наамына мамлекеттик акт даярдаткан.

Бул факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш иши козголду. Тергөө жүргүзүү үчүн иш УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий