Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Жалал-Абаддагы мектептерде өрт кырсыгын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Базар-Коргон, Тогуз-Торо райондору боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан райондордун аймагындагы билим берүүчү мекемелеринде өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Пикир
Оставить комментарий