• 88.68
  • 95
  • 0.95

Лейлекте эки адамды сүзүп качкан айдоочу кармалды

Аймак 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Баткендин Лейлек районунда 19-январда кечки саат 20:30дар чамасында жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Баткен ОИИБсы боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Лейлек районуна караштуу Ак-Арык айылындагы чоң жолдун жээгинде жөө бара жатышкан 23 жаштагы М.С. менен 17 жаштагы А.Р.ны “ВАЗ-21074” үлгүсүндөгү автоунаа сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Натыйжада М.С., аттуу жаран окуя болгон жерде каза болуп, А.Р., аттуу жаран Кулунду аймактык ооруканасына кайрылган.

Ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте издөө иш-чарасын жүргүзүп, айдоочу табылды.

Автоунаасы айып аянтчасына киргизилип, ал эми айдоочу тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий