• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жаманкулов: КР менен Кувейттин ортосунда кызматташуу тармагында жаңы кадам ташталды

Коом 0

Эль-Кувейт шаарында өзүнө чоң маданий иш-чараны камтыган кыргыз-кувейт жумалыгы өттү. Кыргыздын маданияты, улуттук бийлери, ырлары жана көчмөн элдин салттары менен тааныштыруу максатында Кувейтке чоң чыгармачылык делегация келген. Бул делегацияны КРнын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жетектеди.

Бул жумалыктын негизги максаты – эки өлкөнү маданий жана салттык жактан жакындатуу, ошондой эле бизнес жана туризм жаатында кызматташтыкты бекемдөө.

Бул өткөн жумалыктын жыйынтыгында Азамат Жаманкулов “Кабар” маалымат агенттигине Кыргызстан менен Кувейттин ортосунда маданият тармагында буга чейин орногон кызматташтык жана анын келечеги тууралуу маек курду.

- Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы маданий кызматташуу тууралуу айтып берсеңиз?

- Кыргызстан менен Кувейттин ортосунда маданият тармагындагы кызматташуу абдан активдүү өнүгүүдө. 2016-жылы биз эки өлкөнүн маданият күндөрүн өткөргөнбүз. 2018-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кувейт активдүү катышты. Бүгүн биз “Silk road show: Kyrgyzstan-Kuwait” долбоорунун жана Кыргызстан-Кувейт өлкөлөрүнүн дипломатиялык кызматташтыгынын 25 жылдыгынын алкагында бул жакка келип, өз маданиятыбызды тартуулап жатабыз. Биз арабдарга кыргыз маданиятын гана тартуулабастан, атамекендик азыктардын көргөзмөсүн да өткөрдүк. Арабдардын павильондору орнотулган этноайылда өзүбүздүн павильонубузду тургуздук. Бул фестивалга Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан гана катышты. Ал нерсе биздин өлкө кувейттиктерге жакын экендигин көрсөтөт жана эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүүсүнө чоң түрткү берет.

Кыргызстанда да Кувейт менен байланышкан бир нече иш-чаралар пландалган. Кувейт Кыргызстан менен кызматташтыкты күчөтүүгө кызыкдар. Азыр маалыматтык кампания менен байланышкан айрым маселелерди чечишибиз керек. Биз Кувейттин маалымат министрлиги менен алардын журналисттери Кыргызстанга келип, биздин өлкө тууралуу материалдарды даярдап, өздөрүнүн каналдарынан көрсөтүүсү боюнча макулдаштык. Андан тышкары, түз аба каттамдарын ачуу маселеси да бар. Түз аба каттамдарын жүргүзүүгө кувейттик жана түркиялык авиакомпаниялары кызыкдар.

Биз Кувейт менен маданият тармагында кызматташууну улантабыз. Кыргызстанда ар түрдүү салттык жана этникалык иш-чаралар өткөрүлүп турат. Биз аларды ошол иш-чараларга чакырып турабыз. Алар биздин баардык иш-чараларга катышууга даяр экендигин билдиришти.

Мисалы, алар биздин тарыхый жерлерибизди оңдоп-түзөөгө жардам берүүгө даяр экендигин айтышты. Мен аларга Шах Фазиль комплексин сунуштадым. Белгилүү болгондой ал жерге исламды таратууга келген 200 адамдын сөөгү коюлган. Бул жер хаджга барган адамдар үчүн өзгөчө бир ыйык жер болуп калуусу мүмкүн. Андан тышкары, “Манас” айылын ондоп-түзөө боюнча сунушумду айттым. Биз бир нече долбоорлорду иштеп чыгуудабыз.

Ошондой эле бир нече маданий иш-чараларды өткөрүүнү макулдаштык. 2020-жылы чоң концерт өткөрүүнү чечтик. Өзүнө кыргыздын салтын камтыган Салбуурун, көк-бөрү жана башка улуттук оюндарды этнофестивалдан көрсөтөлү деп жатабыз. Ошондуктан бул этноайылдын жетекчилигинен биз үчүн чоңураак жер бөлүп берүүсүн сурандык. Алар макулдугун билдирип, биздин уюм менен танышуу үчүн Кыргызстанга келип-кетүү ниетин айтты.

- Кувейттин журналисттери Кыргызстанга келип биздин өлкө тууралуу материалдарды даярдашат деген макулдашуу болду. Ал эми кыргызстандык журналисттердин Кувейттке барып-келиши боюнча макулдашуу барбы?

- Белгилүү богондой Кувейт нефти көп, бай өлкө. Бирок, алар келечекке көз чаптырып, нефть бир күнү түгөнүп калышы мүмкүн экенин сезип, башка каржылоо булактарын издөөдө. Дубай ушундай кадам жасап, учурда алардын туризм чөйрөсү жакшы өнүгүп жатат. Менин оюмча, Кувейт, Катар жана Сауд Арабия буга чоң көңүл бурууда. Дүйнө жүзүндө туризм абдан күчтүү тармакка айланууда. Кувейт дагы өз туризм тармагын өнүктүүрүгө кызыкдар. Менин оюмча, ошол себептен, алардын журналисттери Кыргызстанга баргандан кийин, ушундай визитти биздин кабарчылар үчүн уюштуруу маселеси жаралат.

- Кыргызстан Араб өлкөлөрүнөн келген туристтер үчүн эмнеси менен кызык?

- Арабдар, аларга музей же тарыхый жерлер кереги жок экенин айтышат. Алар Кыргызстандын жаратылышына кызыгып келишет. Алар ошол кереметтүү жаратылыштын коюнунда жашап көргүлөру келгенин айтышат. Акыркы убакта, көп арабтар Ысык-Көл жергесине келип, Григорьевск, Семенов жана башка капчыгайларда 10-15 күн жашап кетип жатышат. Суусамырда да араб туристтери көп. Алар жакшы шарттарды гана түзүп берүүнү суранышат. Боз үйлөрдө баардык керектүү шарттар болуш керек. Тамактар сапаттуу жана адал болуп, мейманканаларда намаз окуганга шарттар болушу зарыл. Бул шарттарды түзүү көп каражаттарды талап кылбайт, бирок туризмди өнүктүрүүдө абдан маанилүү.

- Кыргызстандын инфраструктурасы канчалык деңгээлде туристтерди кабыл алууга даяр?

- Кыргызстанда туризм жаңы гана өнүгүп келе жатат. Көп туристтик компаниялар жаңы эле бутуна туруп келе жатышат. Жаңы мейманканалар курулууда. Бул жылы беш жылдыздуу Sheraton жана Novatel мейманканалары ачылат. Булар азырынча Бишкекте жана Ысык-Көлдө салынууда. Бирок келечекте башка аймактарда да өнүгө баштайт деген ишеним бар. Ал мейманканаларда кызмат көрсөтүү дүйнө жүзүндөгү конок үйлөрүндөгүдөй болот. Кыргызстандын ар кайсы жеринде ар кандай мейманканалар ачылып жатат. Бирок, аларга кызмат көрсөтүүнү үйрөтүү керек. Мисалы, араб өлкөлөрүнөн келген туристтерди тосуп алууга даярдык болуш керек. Башкача айтканда, адал тамактар болууга тийиш. Андан тышкары эркектерден турган топтун гиди да эркек болуш керек.

Маектешкен Мехриниса Сулайманова

Пикир

Оставить комментарий