• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Жамиля Исаева аялдарга карата зомбулук менен күрөшүүгө арналган тегерек столго катышты

Коом 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдарга карата басмырлоону жоюу жөнүндө конвенциясынын 45 жылдыгына арналган «Гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары боюнча улуттук диалог» аталышындагы тегерек стол өттү.

Парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Жамиля Исаева, мамлекеттик ишмерлер, Акыйкатчы институтунун, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү жана эсперттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жамиля Исаева сөз сүйлөп, Төрага Нурланбек Шакиевдин куттуктоосун жолдоду. Анда ар бир мамлекеттин эң маанилүү милдеттеринин бири - адам укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын талаптагыдай коргоо, коопсуз мамлекетти түзүү экендиги белгиленген.

«Кыргыз Республикасы гендердик теңчиликке көмөк көрсөтүү жана аялдарга карата басмырлоону бардык формаларда четтетүү зарылдыгын таануу менен дүйнөлүк коомчулукка кошулду, мисалы: Адам укуктарынын жалпы декларациясы, Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдарга карата басмырлоону жоюу жөнүндө конвенциясы, Пекин платформасынын принциптери - аялдардын укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн теңчилигинин негизи болуп калды», - деп айтылат Төраганын сөзүндө.

Муну менен катар Жогорку Кеңештин Төрагасы кыргыз парламенти зордук-зомбулук маселелеринде мамлекеттик органдар жана көз карандысыз уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенүүгө, аялдарга жана балдарга тиешелүү мыйзамдарды өркүндөтүүгө тийиш, ошондой эле тармактык министрликтердин ишинин натыйжаларына үзгүлтүксүз комплекстүү баа берүү жолу менен катуу контролду камсыз кылуусу зарыл деп билдирип, бул багыттагы улуттук механизмдерге токтолгон.

Пикир

Оставить комментарий