• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жангарачева кызматына кайра дайындалбайт – Маданият министрлиги

Коом 0

Бишкек, 04.12.19 /Кабар/. Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин мурдагы директору Мира Жангарачева кызматына кайра дайындалбайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

"Министрлик музейдин кызматкерлеринин жана КР сүрөтчүлөр бирикмесинин кайрылуусун карап чыгууга даяр. Бирок Мира Жангарачеваны Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директорлугуна кайра дайындоо тууралуу сөз болгон жок", - деп билдиришти министрликтен.

Белгилей кетсек, музейдин кызматкерлери жана КР сүрөтчүлөр бирикмеси президенттин атына кайрылуу жазып, Мира Жангарачеваны кызматына кайра алып келүүнү өтүнүшкөн.

Жангарачева музейдеги заманбап искусство феминналесине байланыштуу чырдан кийин кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Пикир

Оставить комментарий