• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат - МЧК

Коом 0

Бишкек, 20.09.18 /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт унаа жолу” жана “Иркештам унаа жолу” бекеттери 22нен 24-сентябрга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, чек ара Кытай тараптын демилгеси менен Чжунцю - Кытайдагы Ай жана эгин майрамына карата жабылууда.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги өткөрүү пункту аркылуу адамдарды, транспорттук унааларды өткөрүү 2018-жылдын 25-сентябрында калыбына келтирилет.

Пикир

Оставить комментарий