• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Абылгазиев жаңы дайындалган төрага Эмил Осмонбетовдун алдына бир катар конкреттүү милдеттенмелерди койду

Өкмөт 0

Бишкек, 20.09.18. /Каба/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жамаатына жаңы төрага Эмил Осмонбетовду тааныштырды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы атамекендик экономиканын өнүгүүсүндөгү ведомствонун маанилүү ролун белгилеп, анын жаңы жетекчиси астына бир катар конкреттүү милдеттенмелерди койду.

«Тоо кен тармагы өлкө экономикасына чоң салым кошууда. Ошондуктан тоо кен өндүрүшү жаатындагы олуттуу өзгөрүүлөрсүз экономиканын ырааттуу өнүгүүсүнө жетишүү мүмкүн эмес. Мен комитеттин жаңы жетекчисин жеке тааныштырууну жана Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин өлкөнүн өнүгүүсүндөгү маанилүү орду тууралуу эскертип кетүүнү туура көрдүм», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Биздин жарандар талапты катуу кое билишет жана карапайым калктын кызыкчылыктарына дал келбеген кемчиликтер менен чечимдерди так көрсөтө алышат. Бизде ушундай ачык тутум түзүлүп калган. Бул абдан оңтойлуу тажрыйба. Биз ар дайым ачык иштөөгө аракеттенебиз. Бул жерде дагы ушундай тажрыйбаны киргизүүгө тийишпиз», - деди ал.

Өкмөт башчы кен пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелерине айрыкча токтолуп, бул тармакты тартипке келтирүү зарылдыгын ырастады.

«2700дөн ашуун лицензия берилген. Иш жүзүндө канча объектиде иштер жүрүп жатат? Калган лицензиялардын бардыгы кимдин колунда? Алар кимге жана кандайча берилген? Муну иликтеп чыгып, кендерди геологиялык чалгындоо жана иштетүү лицензияларын инвентаризациялоону ыкчам түрдө ирээтке келтирүү кажет. Биздин улуттук байлыктарыбыз элдин жана мамлекеттин кызыкчылыктарында пайдаланылышы зарыл. Лицензияларды үчүнчү жактарга берүү тажрыйбасын токтотуу керек. Лицензияларды берүү процедурасына болгон мамиленин өзүн өзгөртүү зарыл», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр энергетика жана өнөр жай тармактарындагы бир катар маанилүү милдеттерди белгиледи жана комитеттин кызматкерлерин өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнү шарттаган олуттуу жылыштарга жетишүү үчүн толук берилүү менен иштөөгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий